24

Июнь

2016

Бүгүн Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа- Пүлгөн» жол тилкесинин ачылышы өтөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин ачуу салтанатына катышат.

Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы 108-123 км аралыктагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкеси Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Көк-Талаа жана Пүлгөн калктуу пункттарынын ортосунда (коңшу Өзбекстандын аймагын айланып өтүүчү жол) жайгашкан.

Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин реабилитациялоо долбоору 8,6 млн евро суммасындагы грант бөлүп берген  Европа коомчулугу тараптан каржыланат, анын 1 млн евросу Ош – Исфана жолунан алыс эмес жашаган айылдарды социалдык реинтеграциялоо боюнча компонентти ишке ашырууга багытталган.

Экинчи каржылоо булагы катары 3,668 млн АКШ долларын бөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү