16

Май

2017

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу 326 айылдын ичине кирген Өрүктү-Сай айылында аналогдук телеберүү өчүрүлө элек

Буга чейин ЖМК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу 326 айылдын ичине кирген Өрүктү-Сай айылында аналогдук телеберүү өчүрүлдү деген маалымат тараган.

«Радиорелейдик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмеси»  ААК бул маалыматты четке кагат.

«Радиорелейдик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмеси»  ААК санариптик телеберүүгө өтүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгон 326 айылдык пункттардагы аналогдук берүүлөрдүн сапатын текшерип чыкты.   Дагы бир жолу белгилей кетсек, бул айылдарда бүгүн аналогдук берүүлөр өчүрүлгөн жок. Азыркы тапта калктуу пунктарда «КТРК-Биринчи канал»  жана «Биринчи радио» Программалары аналогдук режимде иштеп жатат.

План боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылына 2017-жылдын июнь айында санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулат. Андан соң жергиликтүү тургундар санариптик берүүлөрдү көрүүгө мүмкүндүк алышат.

Белгилей кетсек, аналогдук телевизиондук ретрансляторлордук жабдуулары штаттык режимде иштеп жатат, үзгүлтүккө учуроо же башка көйгөйлөр катталган жок.

2017-жылдын 11-майына санариптик берүүгө өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 326 айылдык пункттардын 40 камсыздай турган 9 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулду. Бул багытта жумуш 2017-жылдын август айына чейин көрсөтүлгөн график боюнча уланат.

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү