05

Июль

2017

Кызжибек Марипованын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт

Бир катар массалык маалымат каражаттары жазган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кызжибек Мариповага  тармактык министрликтер тарабынан жардам берилет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган үй-бүлөгө медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Саламаттыкты сактоо  министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызжибек Мариповага жана анын балдарына зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

 Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү