18
Июнь
Учурда республика боюнча 191 мектеп курулууда, алардын 43ү жыл соңуна дейре пайдаланууга берилет
Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйыны учурунда билдирди.
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын айтымында, акыркы эки жылда балдар бакчаларын артка кайтаруу иштери активдүү жүрүүдө.
“Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала-бакча имараттарын кайтаруу иштерин аткарууда. Учурда өлкөдө 1568 бала-бакча болсо, анын 285и – мамлекеттик, 992си – муниципалдык жана 291и жеке менчик бала бакчалар болуп саналат. Бүгүнкү күнгө карата 119 бала-бакча имараты кайтарылса, анын 81и өз багыты боюнча иш алып барууда, 19унда оңдоо иштери аткарылууда, ал эми 15 бала-бакчаны оңдоого жана эмерек алууга каражаттар каралууда. 3 имарат бошотулууга даярдалууда. Белгилей кетчү нерсе, 53 бала-бакча имараты КР Башкы прокуратурасынын чечими боюнча бошотулган», — деди ал.
Буга катар вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо деңгээли 18% түзөт, ал эми советтик мезгилде бул көрсөткүч 35% барабар болгон.
«Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 2-6 жаштагы балдардын саны 772 464 түзөт. Алардын бардыгын бала-бакча менен камсыздоого ар-бири 280 орундук 2285 имарат керектелет. Учурда мындай каражат жок. Муну эске алуу менен, мурда менчиктелип кеткен имараттарды артка кайтаруу маселеси актуалдуу бойдон калууда. Буга катар мамлекеттин жана чекаралардын коопсуздугун камсыздоо маселесинин маанилүүлүгүн эске алуу менен, аскердик бөлүктөр жана чекара бекеттери жайгашкан бала-бакча имараттары алардын ээлигинде калары тууралуу чечими кабыл алынган», — деди Дамира Ниязалиева.
Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү маселесине байланыштуу баяндамачы билдиргендей, коррупция фактыларын кыскартуу боюнча тийиштүү кадамдар жасалууда.
“Бишкек жана Ош шаардык мэриялардын билим берүү башкармалыгы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча электрондук кезек киргизилген. Эми ар-бир ата-эне өз кезегинин жылуусуна on-line режиминде көз салып турат. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 1700 бала кезекте турса, Бишкекте 1549 бала кезек күтүүдө», – деди вице-премьер-министр.
Дамира Ниязалиева “капиталдык салым” беренеси боюнча мектеп курулушуна тийиштүү билдиргендей, 2015-жылдын соңуна дейре 2 бала-бакчанын жана 43 мектеп курулушу бүткөрүлмөкчү.
“2012-2014-жылдары 5 бала-бакча жана 137 мектеп ишке берилген. Учурда республика боюнча 191 мектеп курулууда, жыл соңуна дейре 43 мектеп жана 2 бала-бакча ишке берилет. Мындан тышкары, “капиталдык салым” беренеси алкагында дагы 32 мектеп үчүн каржылоо ачылган», – деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү