31
Январь
«Дордой» соода комплексиндеги сооданын төмөндөшү сезондук мүнөзгө ээ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты «Дордой» соода-рынок комплексинин аймагында жайгашкан 18 миң контейнердин 6 миңи соода азайгандыгына байланыштуу жабылгандыгы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын статистикалык маалыматтарына ылайык, 2015-жылы «Дордой» базарындагы соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерге 125 542 ыктыярдуу патент берилсе, 2016-жылы 119 764 патент берилген.
Берилген ыктыярдуу патенттердин санынын азаюусу жана «Дордой» базарындагы соода көлөмүнүн кыскаруусу «Дордой» базарындагы продукциялар ташылган мамлекеттин жарандарынын сатып алуучулук мүмкүндүгү төмөндөгөнүнө байланыштуу жана ал 2015-жылкы жыйынтык көрсөткүчтөрдөн 5% ашпаган көрсөткүчтү түзөт.
Буга катар белгилей кетчү нерсе, «Дордой» базарындагы контейнерлердин бөлүгүнүн жабылышы сезондук мүнөзгө ээ.
«Дордой» базарындагы активдүүлүктүн кыш мезгилинде төмөндөөсү жыл сайын орун алып, ал сезондук мүнөзгө ээ. Бул туурасында «Дордой» базарындагы соода жүргүзгөн ишмерлердин алган ыктыярдуу патент саны тууралуу маалымат тастыктайт.
Мындан тышкары, «Дордой» соода комплексиндеги соода көлөмүнүн төмөндөшү төмөнкү факторлорго байланыштуу:
- 2016-жылдын декабрь айында «Алкан базары», «Оберон», «Ак-Суу», «Кербен» «Дордой» базарларындагы чатыр кулаган соң, аны калыбына келтирүү боюнча оңдоо иштеринин жүрүшү, «Мурас-Спорт» базарында жер астындагы кабелди орнотуу үчүн аң казылган;
- чет өлкөлүк (КЭР) жарандардын чыгыш календары боюнча жаңы жылды майрамдоо максатында өлкөдөн чыгып кетүүсү;
- Бишкек шаарында ири соода түйүндөрүнүн ачылышы, алардын Дордой» соода комплексине атаандаштык кылуусу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү