24
Ноябрь
Финансы министрлигинин штаттык санынын кыскартылышы 57,5 млн сом өлчөмүндөгү каражатты үнөмдөйт
Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптимизациялоо алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмү жана штаттык саны бекитилген.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмү оптимизацияланат, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин штаттык саны 225 адамга кыскартылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин штаттык санынын бюджеттик ресурстардын чектелүү шартында кыскартылышы 57,5 млн сом өлчөмүндөгү каражаттын үнөмдөлүшүнө алып келет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бекитилген түзүмүнө ылайык, борбордук аппараттын штаттык санынын кыскартылышы кайталанма милдеттерди аткарган бөлүмдөрдү жоюу, райондук финансылык бөлүм менен райондук казыналык бөлүмдү бириктирүү максатында каралган, бул эки баскычтуу бюджетке өтүү процесстерин жыйынтыктоо зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими аркылуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарын тейлөөчү нөөмөттө турган автотранспорттук каражаттарды кыскартуу иштери каралууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү