22

Декабрь

2016

Сооронбай Жээнбеков: Жарандык авиация республиканын соода жана туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөк болуусу керек

Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан жана транзиттик авиаташууларды өнүктүрүү жаатында зор мүмкүндүктөргө ээ. Бул туурасында бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн жарандык авиациясы   өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын  маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.

Буга байланыштуу жарандык авиация Кыргызстандын бюджет түзүүчү туризм, соода сыяктуу негизги тармактарынын өнүгүшүнө  өбөлгө болууга тийиш.

Премьер-министр билдиргендей, ички аба каттамдарындагы аэропорттор чыгашалуу бойдон калууда. Анткени бул аэропорттордо учкан рейстер жок, же рейстердин саны жетиштүү эмес.

«Көптөгөн аймак тургундары самолётко караганда арзан жана жеткиликтүү болгон унаалар менен жүрүүнү артык көрүшөт. Кыргызстандын авиакомпаниясынын аба паркында  ички линияларда учуучу сыйымдуулугу азыраак көлөмдөгү учактардын жоктугу, ошондой эл учактардын техникалык абалынын начардыгы ички аэропорттордун жагдайына таасирин тийгизүүдө», - деди Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 87305,87296"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү