06
Июнь
Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Россия менен айыл чарба тармагында анын ичинде айыл чарба азыктарын экспорттоодо кызматташууну активдештирүүгө даяр
«Кыргызстандын Россия менен кызматташуусу өлкөнүн тышкы саясатында приоритеттүү мүнөзгө ээ. Биз коңшу мамлекет менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалап, анын мындан ары да бекемделишине колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Кыргыз тарап Россия менен айыл чарба тармагында, анын ичинде айыл чарба азыктарын экспорттоодо, түз инвестиция тартуу жана туризм жаатында кызматташууну активдештирүүгө даяр».
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен болгон жолугушуудан кийин өткөн брифингде билдирди.
“Биз эл аралык жана эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыдагы пландарды аныктадык. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтин толук кандуу курамында экенин эске алып, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Андан тышкары биргеликте чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелерди талкууладык. Бул максатта Россиянын аймагы аркылуу товарларды Кыргызстанга жеткирүүнү камсыз кылуунун механизмин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берилди.
Биздин эмгек мигранттардын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу боюнча маселени карап чыгуу компетенттүү органдарга тапшырылат. Белгилей кетсек, бүгүн Россия тарап менен тыгыз жана жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Дмитрий Медведевдин расмий визитинин алкагында бардык жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырыларына ишеним артам”, - деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Сөзүнүн соңунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россия элине тынчтык, жакшылык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү