31

Январь

2017

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчтөр менен чыкты, ИДП 2,7%дык өсүүсү болжолдонуп, иш жүзүндө ал 3,8% түздү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчтөр менен чыккандыгын белгиледи. ИДП өсүүсү 2,7%дык деңгээлде болжолдонуп, иш жүзүндө 3,8% түздү, экономиканын дээрлик бардык тармагы болжолдуу көрсөткүчтөргө жетишип, айрымдары андан жогору көрсөткүчкө ээ болду:

- өнөр жай - 5,2%,

- айыл чарба - 3,0 %,

- тейлөө тармагы - 3,0 %,

- курулуш - 7,4 %,

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 100,4% түздү.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын өсүүсүнө мүмкүндүк бербеген көптөгөн чечиле элек көйгөйлөр бар. Ал аткаруу бийлигинин ишинин натыйжалуулугу жана сапаты сыяктуу айрым негизги кемчиликтерге гана токтолду.

«Улуттук максат жана милдеттерге ылайык, аткаруу бийлигинин тутумун модернизациялоо боюнча ишти улантуу зарыл. Өткөн жылы биз аткаруу бийлик органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну баштадык. Бул процес мобилдүүлүгүн, конкреттүү натыйжага багытталгандыгын, негизгиси, калктын жана бизнес-коомчулуктун аткаруу бийлик органдарынын ишине ишенимин жогорулатууну камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Ал үчүн мамлекеттик орган ишин баалоо жана көзөмөлдөө, мониторингдөө, ишке ашыруу жана пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу керек. Иш жүзүндө көрүнгөндөй, министрлик жана ведомстволор, ошондой эле аймактык бийлик органдары өз ишин натыйжасыз пландаштырат, пландар сапаттуу жана өз мөөнөтүндө атарылбайт», - деди Премьер-министр.

Анын айтымында, ошол эле иш чаралар ар кандай пландарга киргизилип, ар кандай мөөнөттөр көрсөтүлгөн.

Өкмөттүн Аппаратынын протоколдук тапшырмаларында азыркы учурда иштеп жаткан ар түрдүү  ченемдик-укуктук актыларда көрсөтүлүп, алар токтоосуз ишке ашырылчу кайталанма тапшырмалар да бар.

Өкмөттө маселелердин көп жолу жана бир нече ирет талкууланышы убакытты гана кетирбестен, өз маанисин да жоготот.

 «Чечимдерди кабыл алуу процедурасы. Айрым чечимдер 3-4 айлап макулдашылат. Чечимдерди кабыл алуу процедурасын сапатын жоготпостон, мөөнөтүн кыскартуу жагына карап чыгуу керек. Министрликтер менен ведомстволор жана аймактар тигил же бул тармакты өнүктүрүү боюнча жаңы сунуштары жана демилгелери жок, дайыма жогору жактын командасын күтүп олтурушат», - деп билдирди  Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-декабрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселени караган Өкмөттүн жыйынын жүрүшүндө.

[su_carousel source="media: 89065,89068"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү