21

Август

2017

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Премьерлик убагындагы Өкмөттүн жетишкендиктерин атады

Кыргыз Республикиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикиасынын Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусунда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон өткөргөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырганын жарыялады.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков Премьерлик кызматты аркалап тургандагы  Өкмөттүн  негизги жетишкендиктерине токтолду. Атап айтканда ал жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгиледи.

«2016-жылы биз Өкмөт болуп шайланган мезгилде экономикабыз 4,9 пайызга түшүп кеткен, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүү темпи 6,9 пайызды түздү.   Ал эми экспорттун көлөмү азыркы учурда 30 пайызга көбөйдү», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, социалдык обьектилерди курулушуна чоң көңүл бурулду. Алсак, 2016-жылы 115 мектеп, бала бакчалары, оорукана жана маданий обьектилер курулган. 2017-жылдын аягына чейин 105 социальных обүекти пайдаланууга таршырылат. 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлөт, жыл аягына чейин дагы 35 обьекти ремонттон өткөрүлөт.

Ал ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерге токтолду. Анын алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясы жана калктуу пункттардын башкы планын иштеп чыгуу боюнча программа иштелип чыкты.

 «2025-жылга чейин республиканын 1812 калктуу конуштарынын генералдык пландары иштелип чыгат. Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоонун алкагында 657 айылда, 22 шаарда жана 26 райондун борборунда суу түтүк системаларын куруу жана реабилитациялоо жүргүзүлөт. Ошондой эле айылчарбасын колдоо боюнча «Айыл чарбасын каржылоо -5» долбоорунун алкагында 7 млрд сомго чейин каражат бөлүнөт» - деп маалымдады Сооронбай Жээнбеков.

ЕврАзЭСке толук   интеграциялоонун алкагында Токмок, Кең-Булуң, Чоӊ-капка, Ак-Тилек автожол көзөмөл-өткөрүү пункттары жаӊыланды.

«Бизнести колдоо максатында бардык аймактарда «Кепилдик фонддору» түзүлдү, анын алкагында кичи жана орто ишканалар 520 млн сомдон ашуун суммадагы кредиттерди алышты. Жыл аягына чейин бул сумма 800 млн сомго жетет. Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду аркылуу 250 млн. долларга, 758 долбоор каржыланып жатат», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле стратегиялык жолдор менен катар шаар ичиндеги, райондун борборлордундагы көчөлөрдүн капиталдык ремонту жүрүп жатат. Бул иштерди аткаруу үчүн бюджеттен 730 млн. сом бөлүндү.

Ал маалымдагандай, бүгүн пенсияны 2017-жылдын 1-октябрынан тартып % жогорулатуу боюнча документке кол коюлду. Республика боюнча пенсиянын орточо көлөмү 516 сомго көбөйөт жана 5517 сомду түзөт.

[su_carousel source="media: 102022,102021,102020,102019,102018,102017,102016,102015,102014,102013,102012,102011" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү