08
Август
Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Премьер-министри Абдулло Арипов менен эки тараптуу кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиянын жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын деми
Бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулло Ариповдун телефондук сүйлөшүүсү болду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиянын жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыктарды талкуулашты.
«Биз сизди жана Өзбекстандын делегациясын Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков, өзбек кесиптешине кайрылуусунда.
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 15-17-августа өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктады. Ал ошондой эле кыргыз тарапка 2017-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында авто кырсыкка кабылган Өзбекстан Республикасынын жарандарына өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзбек тарапка Ош шаарында 630 окуучу орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат: 2017-жылдын 5-августунда Ысык-Көл облусунда авто кырсыктан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын 6 жараны атайын каттам менен Ташкент шаарындагы Республикалык шашылыш медициналык илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.
[su_carousel source="media: 100925" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү