06

Июль

2016

Сооронбай Жээнбеков ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге россиялык туристтердин катышуусундагы чатакты териштирүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия жарандарынын катышуусунда орун алган чатакты териштирүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, ЖМКлар маалымдагандай, россиялык туристтер Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо тоноого учураган.

Кашкар Жунушалиевдин маалыматына караганда, аталган маселе боюнча ыкчам топ түзүлүп, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.

Өкмөт башчы мындай окуяларга тез арада көңүл буруп, келген коноктор жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ишин күчөтүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү