08

Август

2017

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  8-августта, эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына келди.

Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуусу өтөт. Андан ары Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен  тараптардын  кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү  улантылат.

Жолугушууга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катышат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы  Стамбул шаарындагы "Манас"  эпосунун каарманынын  айкелинин ачылыш аземине,  «Манас» тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшүнө жана «Манас» эпосу жөнүндөгү театралдык иш чарага катышат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылган.

 [su_carousel source="media: 100945,100946,100947,100948" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү