08

Август

2017

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  8-августта, эки күндүк иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти.

Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушуусу пландаштырылган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында «Манас» эпосунун баатырынын эстелигинин ачылыш аземине, «Манас» тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшүнө жана «Манас» эпосу жөнүндөгү театралдык иш чарага катышат.

Ошондой эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылган.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү