18

Январь

2017

Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Владимир Булавин Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго «Боинг-747» авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз-россиялык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дачи Су айылында 16-январда катталган «Боинг-747»  авиакырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Телеграммада мындай деп айтылат:

«Манас» аэропортундагы учак кыйрашынын натыйжасында тынч жарандардын курман болушуна байланыштуу терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандыктар үчүн ушул азалуу күндөрү сиздер менен кайгыңыздарды тең бөлүшөм жана каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтам».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү