05

Декабрь

2017

«Жол картага» кол коюнун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда маалымат жыйын өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 5-декабрында «Жол картага»  кол коюнун жыйынтыгы, эки тараптуу экономикалык кызматташтык, ошондой эле чек-ара, транспорттук, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салыктык башкаруу боюнча өз ара аракеттешүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жана Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин 2017-жылдын 2-декабрындагы макулдашуусун аткаруу максатында эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары Казакстан Республикасынын Астана шаарында жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы кайчы пикирлерди жөнгө салуу үчүн «Жол картасын» талкуулашкан. Делегацияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдыгулов Толкунбек жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Мамин Аскар жетектеген.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов сүйлөшүүлөдүн жыйынтыгы боюнча тараптар 50 пункттан турган  « Жол картасына» кол коюлгандыгын кабарлады.

«Атап айтканда, бул «Жол картасында» 8 бөлүм бар, алар өзүнө тышкы соода, бажы иши, салыктык башкаруу, мыйзам бузууларды жана кылмыштуулукту аныктоо жана анын алдын алуу, ветеринария, өсүмдүктөр карантини, транспорт жана чек аралык кызматташуу иш-чараларын камтыйт»,— деди Толкунбек Абдыгулов.

Вице-премьер-министр ар бир бөлүм өзүнө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бүткүл тармактарындагы мыйзамдарынын жана ченемдеринин талаптарын сактоо жана алардын бузулушунун алдын алуу боюнча оперативдүү жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү сыяктуу туруктуу мүнөзгө ээ болгон иш-чараларды камтыгандыгын тактап кетти.

«Бир катар иш-чаралар биргелешкен иш-аракеттерди аткарууну шарттайт, мисалы, анын катарына макулдашылган товарлар категориясына карата тобокелдиктин нарктык индикаторлорун иштеп чыгуу жана аларды бирдиктүү колдонуу жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн транспорт мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен чараларды көрүү кирет. Ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү көпчүлүк пункттар Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өткөн товарларды ЕАЭБдин талаптарынын сакталышын текшерүү максатында туруктуу жана натыйжалуу ветеринардык-санитардык контролдоону кыргыз тарабынын камсыздоосу менен байланышкандыгын өзүнчө белгилөө зарыл», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Ошол эле учурда «жол картасында» Казакстан Республикасынын аймагына ветеринардык-санитардык контролдоого тийиш болгон продукцияны жеткирүү укугуна ээ болгон ишканалардын тизмесин кеңейтүү сыяктуу пункттар каралган.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр өсүмдүктөрдүн карантини боюнча пункттардын көп бөлүгү Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өткөн карантиндик продукцияны ЕАЭБдин талаптарынын сакталышын текшерүү максатында туруктуу жана натыйжалуу фитосанитардык контролдоону кыргыз тарабынын камсыздоосу менен байланышкан, ошондой эле карантинге алынган продукцияга көзөмөл жүргүзүү максатында тараптардын кызматташуусу каралгандыгын айтты.

«Мындан тышкары өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык карантиндик контролдоо жүргүзүүдө кызмат адамдары өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ЕАЭБдин укуктарында каралбаган документтерди талап кылбай тургандыгы шартталган. Ошону менен бирге ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсү боюнча «жол картасында»  бардык талаптар жана ченемдер сакталган учурда контролго алынган товарлар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлө тургандыгы шартталган »,— деди вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле 2017-жылдын 1-декабрынан тартып Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасынын түштүгүнө барган жана келген жүктөргө карата бирдей темир жол тарифин колдонууга милдеттенгендигин, 2017-жылдын 3-декабрында саат 00.00дөн баштап Казакстан Республикасынын чек ара кызматы штаттык режимде иштеп баштагандыгын жана жүктү тоскоолдуктарсыз өткөрүүнү камсыздап жаткандыгын белгиледи.

«Жалпысынан «жол картасы» эки тараптуу кызматташуу чөйрөсүндөгү кайчы пикирлерди так жана ыкчам чечүүгө багытталгандыгын белгилөө зарыл, ал эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын андан ары тереңдетүүгө шарт түзүп берет»,- деди Толкунбек Абдыгулов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү