07

Июль

2015

КР вице-премьер-министри А.Маматалиев Тажикстан Президентинин жардамчысы Ш.Хайруллоев менен чек арадагы акыркы окуяны телефон аркылуу талкуулады

Бүгүн, 7-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Тажикстан Республикасынын Президентинин жардамчысы Шералы Хайруллоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 2015-жылдын 6-июлунда орун алган чекара чатагынын себептери талкууланды.

Белгилүү болгондой, чекара чатагы Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чекаранын шарттуу сызыгынан 80 метр аралыкта орун алган. Мамлекеттик чекаранын аталган тилкесинде делимитациялоо процесси жыйынтыкталган эмес жана тилке макулдашылган эмес.

Тараптар эки өлкөнүн бардык тийиштүү түзүмдөрүнүн катышуусунда тыкыр иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Тажик тарап маалымдагандай, чатак натыйжасында жаракат алган жаран кийинчирээк көз жумган. Эки мамлекеттин иликтөө органдарынын алдында тажик жараны кимдин куралынан каза тапкандыгын аныктоо милдети турат.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылы эки өлкөнүн чекара ведомстволору ортосундагы ок атышпоо тууралуу кол коюлган келишимге карабастан, чатак учурунда эки жактан бирден ок атылган, натыйжада тажик жараны жаракат алган.

Тараптар иликтөөнү бир тараптуу жүргүзүү милдетин алды, анын натыйжасы боюнча жыйынтыктар менен алмашуу орун алмакчы. Чекара өкүлдөрү тараптардын чек арачылары арасында мамлекеттик чекара тилкесинде өзүн алып жүрүү боюнча кошумча окууларды өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Чекара чатагын иликтөөнү кыргыз тараптан Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзөт.

Чатакты басаңдатуу максатында Кыргызстан жана Тажикстандын укук коргоо орган кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда мамлекеттик чекаранын аталган тилкесиндеги абал салыштырмалуу түрдө туруктуу. Кыргыз-тажик мамлекеттик чекара тилкесиндеги өткөрүү пункттары күнүмдүк режимде иштеп жатат.

Сүйлөшүү жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу тууралуу макулдашылган, анда чекарадагы чатактардын алдын алуу жана абалды жакшыртуу максатындагы эки мамлекеттин укук коргоо түзүмдөрү жактан кабыл алынуучу чаралар талкууланмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү