20

Июль

2015

МУКК атайы операциясынын натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев МУКК атайы операциясынын натыйжасында жабыркаган жарандарга келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Белгилесек, комиссия Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча түзүлгөн. Комиссияны вице-премьер-министр А.Маматалиев жетектөөдө.

Комиссия курамына КР ӨКМ, МУКК, ИИМ, Финмин, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүм жетекчилери кирген.

Вице-премьер-министр билдиргендей, кырсык орун алган күндөн тарта ал жерде ӨКМ такай иштөөчү комиссиясы иш алып барууда. Комиссия тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте келтирилген кесепеттин көлөмүн аныктоо үстүндө иштөөдө.

«Келтирилген зыян боюнча алдын-ала маалыматтар эртең дайын болот. Биринчи кезекте жабыркаган жарандарды тийиштүү жашоо шарты менен камсыздоо керек. Ошондой эле кыска мөөнөт ичинде жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү боюнча зарыл чаралар кабыл алынуусу тийиш” – деп белгиледи вице-премьер-министр А.Маматалиев.

Вице-премьер-министрдин айтымында, “Терроризмге каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 38-беренесине ылайык, террористтик актыларга байланыштуу келтирилген кесепеттер Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен калыбына келтирилет.

«Бүгүнкү күнгө карата иликтөө иштери жыйынтыкталуу алдында турат. Келерки 2 күн ичинде ар-бир ведомство өзү үчүн так аткарылчу ишти тактап алуусу абзел. Ошондой эле Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын суммасы так көрсөтүлүүсү тийиш», – деди ал.

Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жабыркаган жарандардын маанайы тынч жана алар түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, калыбына келтирүү иштеринин башталышын күтүүдө.

«Терроризмге каршы операциянын жүрүшүндө 5 үй-бүлө жабыркаган. Эки үй-бүлөгө мэрия социалдык жатаканадан убактылуу жай бөлүп берген. Жашоо үчүн чыгымдардын бардыгын мэрия өзүнө алган. Ал эми жарым-жартылай жабыркаган турак-жайларга керектүү инфраструктуралык түйүндөр тартылууда. Иликтөө иштери аяктаган соң, «Тазалык» ишканасы аймакты таштандылардан тазалоого даяр. Жабыркагандарга медициналык жана психологиялык көмөк көрсөтүлөт», – деп маалымдады К.Кулматов.

Мындан тышкары, борбор шаар мэринин айтымында, жабыркаган жарандарга алгачкы материалдык жардам катары 80 миң сомдон каражат берилет.

Кеңешме аяктаган соң, вице-премьер-министр баштаган комиссия мүчөлөрү кырсык орун алган жерге барып, ал жерде Абдырахман Маматалиев тармактык ведомство жетекчилерине калыбына келтирүү процессин тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

[su_carousel source="media: 59907,59908" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү