25

Июнь

2016

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен көрүүчүлөр жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео көрсөтүүлөрдү  көрө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.

«Женева-2006»  санариптик берүүгө өтүү боюнча эл аралык келишимине ылайык, 2011-жылдан тартып өлкөдө санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасы ишке ашырылып келе жатат.

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен  көрүүчүлөр көптөгөн телеканалдарды жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео картиналарды көрүүгө шарт түзүлөт.

Ошондуктан санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен калкыбыз утушка ээ болот. Ал эми өлкөдө аналогдук берүүлөрдү толугу менен өчүрүү  2017-жылга пландаштырылууда -деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Гулмира Кудайбердиева санариптик телерадиоберрүүгө өтүүдө калкка телеантеналарга ресиверлерди орнотуу зарылдыгы  боюнча түшүндүрүү ишитерин жүргүзүүнү тапшырды. “Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылышы керек”, - деп билдирди вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү