22
Апрель
Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду
Бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалап кетти.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-казак эки тараптык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар өз ара пайдалуу диалогду мындан ары өнүктүрүү жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү