18
Октябрь
Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушууларынын үчүнчү раунду өттү
2016-жылдын 5-14-октябрында үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасын делимитация жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушууларынын үчүнчү раунду өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасынын чегин аныктоо боюнча конструктивдүү кызматташууга багыт алууда. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасынын 50дөн ашуун тилкеси иликтенген. Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлган. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мурда жетишилген келишимдерге ылайык жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү