01

Июль

2019

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусу өтүүдө

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусу ушул жылдын 29 июнунан 6-июлуна чейин Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын Өкмөттүк өкүлдөрүнүн жумушчу тобун Өкмөттүн чек ара  маселелери боюнча атайын өкүлү, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангында Каныбек Ботобаев жетектейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жана демаркациялоонун келечектеги  абалын макулдашуу жана учурдагы маселелери талкууланууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү