21
Сентябрь
Укук коргоо орган кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери жоюлбайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына укук коргоо орган кызматкерлеринин, анын катарында милиция жана жаза аткаруу кызматкерлеринин алардын социалдык кепилдиктерин регламенттеген ченемдик-укуктук акты долбоорлорун иштеп чыгууга байланыштуу абалга түшүндүрмө берүү маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» чечимин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жумушчу топ түзүлгөн, ал учурда укук коргоо органдарынын тутумунун жаңы уюштуруу жана штаттык түзүмүн иштеп чыгууда.
Мындан тышкары көрсөтүлгөн жумушчу топ укук коргоо органдарынын ишмердүүлүк маселесин регламенттеген жаңы ченемдик-укуктук актылардын долбоорун даярдоодо. Тактап айтканда, укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартиби, укук коргоо орган кызматкерлеринин социалдык кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын ИИМде түзүлүп жаткан жаңы кызматтар тууралуу жоболор бар.
Укук коргоо орган кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө иштелип жаткан ченемдик-укуктук актылар учурда укук коргоо кызматкерлери үчүн иштеп жаткан социалдык кепилдиктердин начарлашына жол бербестигин маалымдайбыз.
Кызмат өтөө тратибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актынын жаңы долбоору кызматка алуу, атайы наамдарды алуу, карьералык өсүш жана башка жоболордун шартын унификациялоо максатында иштелүүдө. Мында пенсияга чыгууга укук алуу үчүн тийиштүү кызмат өтөө мөөнөтү өзгөртүлбөйт. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин запаска, же отставкага чыгууга мүмкүндүк берүүчү жашынын чектелиши өзгөртүлбөйт.
Ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин кызматтык айлык акысы жана каралган акчалай каражаттары кыскартылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү