17
Июль
2016
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны жана Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу, жарандык коштошуу ырасымын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков башында турган уюштуруу комитети түзүлдү.
Маркум менен жарандык коштошуу ырасымы 2016-жылдын 18-июлунда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Уюштуруу комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибрагимов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчиси Туруспек Коеналиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын башчысы Мирбек Касымкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Надырбек Алымбеков, маркумдун тууганы Аскар Молдобаев кирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү