19
Январь
Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Ыйман, адеп жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.
Аталган уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин "2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу иретинде түзүлгөн.
Буйрукка ылайык, уюштуруу комитетине үстүбүздөгү жылдын 5-февралына чейин Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылат.
Белгиленгендей, иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик орган жана уюмдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттар эсебинен ишке ашырылат.
Аталган уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри саналат.
Курамына вице-премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; КР Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси – Министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Ошондой эле уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, маданият, маалымат жана туризм министри, тышкы иштер министри, финансы министри, юстиция министри, ички иштер министри, экономика министри, саламаттык сактоо министри, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана башка жактар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү