16

Январь

2017

Манас аэропортуна жакын жерде кырсыктаган жүк ташуучу Боинг — 747 учагынын кыйрашынын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бүгүн, 16-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларында орун алган авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Буйрукка ылайык, адам курмандыктарына алып келген Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учуроо фактысын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссияны Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетектейт.

Аталган өкмөттүк комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

Мухамметкалый Абулгазиев – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;

Кубатбек Боронов - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Жамшитбек Калилов - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Талантбек Батыралиев - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Эрлан Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Улан Исраилов - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Абдиль Сегизбаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Бактыбек Кудайбергенов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү