21
Июнь
Кыргызстандагы саясий партиялардын тизмеси
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, саясий партияларды каттоо чөйрөсүндөгү милдеттемелерге ыйгарым укуктуу болгон аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдар катталган саясий партиялардын тизмесин түзүп, шайлоолорду дайындоо чечими күчүнө кирген күндөн баштап, 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчсинин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын расмий булактарындагы тизмени жарыялоо менен камсыздайт. Ушул эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жөнөтөт.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасындагы саясий партиялардын тизмесин жарыялайбыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү