04

Июль

2016

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курмановага сөгүш жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин ченемин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курмановага сөгүш жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү