27

Май

2017

ЕврАзЭС курамындагы мамлекеттер агроөнөр жай тармагы боюнча биргелешкен илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иш-аракеттерин уюштуруу боюнча макулдашты

ЕврАзЭС курамындагы мамлекеттер агроөнөр жай тармагы боюнча биргелешкен илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иш-аракеттерин уюштуруу боюнча макулдашты,- деди бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынынын соңунда өткөн брифингде. Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарында өттү.

Өкмөт башчы мындан аркы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүлгөн келишимдердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

«ЕврАзЭС курамындагы өлкөлөр менен санариптик күн тартибининин алкагында биз санариптик мейкиндикти өнүктүрүү тууралуу маселелерди  талкууладык. Бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык, технологиялык жана социалдык өнүгүүсүнө түрткү болот. Биздин мамлекеттер үчүн агроөнөр жай тармагынын маанилүүлүгүн эске алуу менен,  биз бул тармакта биргелешкен илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иш-аракеттерин уюштуруу уюмун түзүү тууралуу сүйлөштүк. Ошондой эле ЕврАзЭС алкагында товарларга карата спецификалык субсидия тармагында макулдашуу тууралуу да бир пикирге келдик», - деди Сооронбай Жээнбеков.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүндө «бирдиктүү терезе» системасынын механизмдерин өнүктүрүү боюнча бирдиктүү иш аракеттер жүрүп жатат. Ошондой эле Өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдагы долбоорлорун жөнгө салуу боюнча баа берүү туралуу отчету сунушталды», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков дагы көп иштерди талкуулоо жана аны аткаруу керек экендигин белгиледи. Аны менен бирге ЕврАзЭС өлкөлөрдүн жалпы маанайы андагы  оңдуу мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт. Ал бүгүнкү  кабыл алынган жана кол коюлган документтер кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө  шарт түзөрүнө ишеним артарын билдирди.

[su_carousel source="media: 95732,95758,95759" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү