08
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмү оптимизацияланат
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмү оптимизацияланат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишин оптимизациялоо максатында кабыл алынган.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция жоюлат. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдөө функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлүп берилет. Аталган кадам мамлекеттик көзөмөлдөө органдарын кыскартуу зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу жоюлуп жаткан Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын 15 штаттык бирдиги өткөрүлүп берилет.
Мындан тышкары, 8 штаттык бирдик лицензиялоо боюнча түзүмдүк подразделение уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өткөрүлөт.
Буга катар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аймактык түзүмдөрдү бириктирип, облустарда жана райондордо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бирдиктүү аймактык түзүмүн уюштуруу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү