22
Февраль
2017
Таалайбек Долдоев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун экими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Долдов Таалайбек Анарбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү