13
Июнь
2016
Таалайбек Нурбашев Отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нурбашев Таалайбек Инашевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү