04
Сентябрь
Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Султанов Талант Исакович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.
Талант Султанов, 1978-жылы туулган, Гарвард университетинин профессионалдык билим берүү программасынын бүтүрүүчүсү (2016), финансы тармагы боюнча Колумбия университетинин магистрдин даражасын аяктаган (2006), жана Сан-Франциско университетинин бакалавр даражасын (1999) артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Талант Султанов «Таза Коом» программасы боюнча жумушчу топтун координатору. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору жана Борбор Азиядагы Америка университетинин финансы тармагы боюнча Вице-президенти болуп иштеген.
Ошондой эле ал Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штабында жана Алматыдагы Борбор Азиялык кеңсесинде да эмгектенген.
[su_carousel source="media: 102684" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү