24

Июнь

2015

Кыргыз-казак чекара тилкесиндеги бажы көзөмөлү КР ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген учурдан тарта жоюлат

Үстүбүздөгү жылдын май айында Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште ЕАЭБ мүчө мамлекет башчылары жана Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын декабрында кол коюлган КР Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 29-майындагы келишимдин тутумдук бөлүгү болуп эсептелген эки Протоколго кол коюлган.

2015-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасы КР Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимди Протоколдору менен биргеликте ратификациялап, мүчө-мамлекеттерге парламенттин жайкы каникулуна дейре ратификациялоо өтүнүчү менен кайрылган.

КР кошулуусу жөнүндө келишим тараптар аркылуу Келишимди ратификациялоо боюнча процедуралардын жыйынтыкталышы тууралуу акыркы кат түрүндөгү билдирүүдөн соң, өз күчүнө кирет. Кыргыз-казак чекара тилкесиндеги бажы көзөмөлү КР ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген учурдан тарта жоюлат (Келишимдин ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин парламенттери тарабынан каникулга кетээрге дейре ратификациялануусу шартында).

Армения Республикасынын Улуттук чогулушу Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө келишимди жактырды. Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы ички мамлекеттик процедураларды өткөрүүнү улантууда.

Санитардык-карантиндик, ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жоюу Евразиялык экономикалык комиссия кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл тутумун баалоо жыйынтыгы жактырылган мөөнөттөн тарта ишке ашырылат.

Аталган баалоону өткөрүү үчүн 2015-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасына ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле ЕЭК өкүлдөрү келген.

Маалымдама:

Учурда Россия тараптын колдоосу астында бөлүнүп жаткан 200 млн АКШ долл өлчөмүндөгү гранттык каражаттар алкагында бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды Евразиялык экономикалык бирлик стандарттарына дал келген тийиштүү жабдуу (санитардык-карантиндик, ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү өткөрүү үчүн жабдууларды кошкондо) менен камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын «Манас», «Ош», «Торугарт» жана «Эркечтам» сыяктуу биринчи кезектеги өткөрүү пункттарын жабдуу жүргүзүлгөн. Биримдикке мүчө-мамлекеттердин Салык органдары аралык маалыматтык өз-ара аракеттешүүсүн уюштуруу, ошондой эле  Биримдикке мүчө-мамлекеттердин Бажы кызматтары менен электрондук түрдө маалымат алмаштырууну уюштуруу боюнча иштер толук түрдө аткарылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү