13

Февраль

2017

Тайырбек Сарпашев ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын иши учурунда МКК төрагасы милдетин аткаруудан четтетилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевичти берген арызына ылайык, ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын иши учурунда мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы милдетин аткаруудан четтетүү тууралуу буйрукка кол койду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу МКК төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү.

Белгилесек, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү