19

Январь

2017

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү. «200-жүк» бүгүн, 19-январда, саат 07:55те № 349-авиакаттам аркылуу Бишкек-Стамбул багытында жөнөтүлгөн.

Кечээ, 18-январда, «Боинг-747» учагынын үч экипаж мүчөсүнүн сөөктөрү (Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Коша) Республикалык соттук- медициналык экспертиза борборунда таанылып, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилген.

Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү Түркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү