19

Январь

2017

«Боинг-747» экипажынын 3 мүчөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүү үчүн Түркия элчилигине берилди

«Боинг-747» учагынын үч экипаж мүчөсүнүн сөөктөрү (Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Коша) Республикалык соттук- медициналык экспертиза борборунда таанылып, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилди. Экипаж мүчөлөрүнүкү деп таанылган сөөктөр эртен, 19-январда мекенине жөнөтүлөт.

Эске салсак, «Манас» эл аралык аэропортунун жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү- Кыргыз Республикасынын жарандары, 4сү- Туркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Кыргыз Республикасынын 

Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү