26

Февраль

2016

Темир Сариев: «Биз жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнеске тоскоолдуктарды жоюу жана инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш аракеттерди улантуубуз керек»

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, 2015-жылы туруктуу экономикалык абалды кармап калууга мүмкүндүк болду, бирок быйылкы жылы аны сактоо кыйын болоорун, бирок бул жаатта Өкмөт бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.

«Кыргыз Өкмөтү 2016-жылдын 1-кварталына карата экономикалык өнүгүү темпинин басаңдашын болжолдогон, биздин пландар боюнча, экинчи жарым жылдыкта оңдуу динамикага ээ болобуз, ал эми жыл жыйынтиыгы боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү камсыздообуз керек. Бул оңойго турбайт, ошондуктан Өкмөт тараптан жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнес үчүн барьерлерди жок кылуу, инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш аракеттер улантылышы тийиш», - деп белгиледи Премьер–министр.

Темир  Сариев  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  2016-жылга антикризистик программа кабыл алганын жана анда көйгөйлөр эске алынганын эскертти.

«Бирок тобокелдиктерди эске алуу менен бул маселени дагы бир ирет бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен кеңешип, сиздердин сунуштарды угууну туура көрдүк. Бизнес коомчулуктун ар бир көтөргөн маселеси биз үчүн маанилүү жана аны өз убагында чечүү боюнча иш алып барабыз. Учурдагы кырдаалда Өкмөт кризиске каршы кошумча жана стандартуу эмес чараларды көрүшү керек», – деди Темир Сариев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү