29

Сентябрь

2015

Темир Сариев Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы мал союучу комбинаттын ачылышына катышты

Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы мал союучу комбинаттын ачылышына катышты.

“ТORO” жоопкерчилиги чектелген ишканасы Чүй облусунун аймактардан келген бодо жана майда малдарды союп сатуу менен иш алып барат. Дүйнөлүк стандартка жооп берген цех төрт ай аралыгында курулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн АКШ долларына барабар.

Комбинаттын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Темир Сариев аталган ишкананын ачылышынын мааниси чоң экенин билдирди. “Мамлекет үчүн мындай долбоорлордун мааниси чоң. Биздин экономиканын бекемделишине салым кошот. Эми кыска убакыт аралыгында республиканын бардык аймактарына 10-15 ушундай комбинаттарды курушубуз керек. Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду дал ушундай айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн. Өзгөчө ЕАЭБ киргенден кийин мындай мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Азыркы тапта “Айыл Банк”, “РСК” банктары аркылуу каражаттар берилип жатат. Жакында “KICB” банкы менен да келишим түзүлүп, ал жактан да каржылоого болот”, - деди.

Комбинаттын ачылышына барган фермерлер өз аймактарында да ушундай ишканаларды ачууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев “24 жылда биз Советтер союзунан калган комбинат, цехтердин баарын жоготтук. Эми алардагы техникалар да да эскилиги жетти. Андыктан жаңы цехтерди куруп, кыска убакыт аралыгында айыл-чарба тармагын жандандырууга болот. Бул КР Президентинин 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында да так жазылган. Азыркы тапта биз айыл-чарба тармагын болгону 14% гана кайра иштетүү менен камсыз кылып жатабыз. Муну 80% жеткирүү зарыл. Эгерде Кыргыз-орус фондундагы 1 млрд АКШ долларынын 10 млн АКШ долларын ушул тармакка сарптасак, он мал союучу комбинат ачылат экен. Өзгөчө Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Тоң райондорунда бул долбоор абдан керек”, - деп кошумчалады.

Аталган комбинат күнүнө 50 бодо мал жана 100 ашык майда малдарды союп жетишет. Мал соючу комбинаттан сырткары жаратылыш газын алууга жана жер семирткичтерди чыгарууга да бардык шарттар түзүлгөн. Мындай шартта комбинатта союлган малдан эч кандай ашыкча калдык чыкпайт. Ишкананын жетекчилиги 2016-жылдын аягында этти жана кайра иштетилген азыктарды жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттоону пландап жатат.

Соңунда Өкмөт башчы КР айыл жана суу чарба министри, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана “Айыл Банктын” төрагасына он күндүн ичинде мал союу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашып, башка аймактарда да дал ушундай комбинаттарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароонуу тапшырды.

Жалпы суммасы 1 млн АКШ долларына барабар болгон долбоор 3 айдан ашык убакытта толук курулат. Ошондой эле Премьер-министр буга чейин ар бир райондо 10дон кем эмес ишкана ачуу тууралуу тапшырма берилгенин эске салды.

“Аким, губернаторлорго тапшырма коюлган. Ар бир райондо ондон кем эмес мекеме-ишканалар ачылышы керек. Шайлоодон соң ушундай комбинаттарды ачуу боюнча Өкмөт жыйынында маалымат бересиңер”, - деп эскертти Темир Сариев.

[su_carousel source="media: 64167,64168,64169,64170,64171,64172,64173,64174,64175,64176,64177,64178,64179,64180,64181,64182,64183,64184,64185,64186" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү