23
Май
Теңизбек Абжапаров МСК төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Абжапаров Теңизбек Жусупбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
МСК борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырып, Теңизбек Абжапаровдун финансы тармагында зор иш тажрыйбасы бар экенин белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр салык кызматы жаңы жетекчилик менен коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну улантарына ишеним билдирди.
Кубатбек Боронов МСКнын мурдагы жетекчиси Октябрь Абдыкаимовго ыраазычылык билдирип, ал атамекендик салык тутумуна чоң салым кошконун айтты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү