05
Февраль
«Пирамида» телекомпаниясы жаңы форматта иштей баштайт
«Пирамида» жаңыланган телерадиокомпаниясы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн чагылдырууга адистешет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарын түз алып көрсөтөт.
Жаңы форматка ылайык, телеканал Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (министрликтер, мамагенттиктер, кызматтар, фонддор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инспекциялар) сот тутум органдарынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана рефрендумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырат.
Иштин жаңы форматына ылайык, «Пирамида» ТРКсынын эфирдик убактысы саат 9:30 дан 18:30 га дейре мамлекеттик органдардын маалыматы менен, ал эми калган убактысы, же саат 18:30 тарта ТРК өздүк контенти менен толтурулмакчы.
Аталган чаралар мамлекеттүүлүктү чыңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө, калктын турмушун жакшыртууга, адам укугун коргоого жана өлкөнүн мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө багытталган мамлекеттик органдардын ищинин ачыктыгын жогорулатуу, жарандарды жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат тууралуу маалыматын күчтөндүрүү максатында кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү