22

Февраль

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору маалымдайт: Париж Аппелляциялык соту Валерий Белокондун пайдасына 16,5 миллион АКШ доллар арбитраждык чечимин жокко чыгарды

Париж аппелляциялык соту «Манас Банк» ЖАК кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз тартып алуусунун негизинде Валерия Белокондун пайдасына чыгарылган 16,5млн АКШ доллар суммасындагы арбитраждык чечимин жокко чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору Париж Аппелляциялык сотунун мурда Кыргыз Республикасына каршы киргизилген «Манас Банк» ЖАК бирден бир акционери Валерий Белоконго 16,5 млн АКШ долларды түзгөн эл аралык арбитраждык чечимин жокко чыгарганын маалымдайт.

2010-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Манас Банкына» жана башка төрт банкка ири масштабдагы күмөндүү опепрацияларга байланыштуу убактылуу башкаруу режимин киргизген. Жыйынтыгында «Манас Банк» ЖАК банкротко туруштук берген.

2011-жылдын 2-августунда өз ара инвестицияларды коргоо жөнүндөгү латвия-кыргыз макулдашуусунун негизинде «Манас Банк» ЖАК жалгыз акционери Валерий Белоконь Париждеги эл аралык арбитражга кайрылып, ага таандык болгон «Манас Банкын» Кыргызстандын мажбурлап тартып алганы үчүн Кыргыз Республикасынан 16,5 млн АКШ доллар компенсация төлөп берүүсүн, ошондой эле В. Белокондун юридикалык чыгымдары жана бул сумманын үстөгүн талап кылган.

2015-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасы Париж Аппелляциялык сотуна арбитраждык чечимди киргизүү боюнча кайрылып, аталган чечимди жокко чыгаруу талабын эл аралык француз коомчулугуна ачык түрдө В.Белокондун ишкердигинин компенсациялоо пайдасы үчүн чечилген чечимдин мыйзамсыздыгын, эң негизгиси бул олуттуу акча адалдоо менен алектенген кылмыштуу ишкана болуп саналарын билдирген. 2017–жылдын 21-февралында Париж Аппелляциялык соту Белокондун пайдасына чечилген арбитраждык чечимди жокко чыгарды. Сот ошондой эле В.Белоконго юридикалык чыгымдары үчүн 300,000 евро Кыргыз Республикасынын издөө боюнча чечимин жокко чыгарды.

Сот мындай чечим кабыл алды: ««Эки жыл сегиз ай ичинде, «Манас Банкынын» жалпы айлантуу операциясы 5,2 млрд долларды түзгөн. Бул 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук дүң өнүмүнө караганда көбүрөөк, анын ичинде 80%, же 4,2 млрд АКШ доллар бул компаниянын резидент эмес жүгүртүүсүнө туура келет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ушундай кыска убакыттын ичинде «Манас Банкынын» ийгилигин нормалдуу банктык тажрыйбада менен түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, башкача айтканда, олуттуу, так жана ырааттуу белгилери бар «Банк Инсан» Белоконь тарабынан сатылып алынып, мамлекетте кылмыштуу кирешелерди адалдоо практикасын өнүктүрүү үчүн бийлик менен артыкчылык мамилеси болгон. Ошондуктан анын ишмердүүлүгүнүн үстүнөн реалдуу көзөмөлдүн жоктугу практикасы болбосо Латвиядагыдай жагымдуу шарттарда өсө алмак эместиги тажырыйбаланат.

Муну көңүлгө алуу менен, арбитраждык чечимди таануу Белокондун кылмыштуу ишканасынын кирешесинин пайдасына аткарылары ачык, бул эл аралык коомдук тартипке карама-каршы келет. Ошондуктан арбитраждык чечимдин жокко чыгарууну канааттандыруу чечими негиздүү болуп саналат».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борборунун арбитраждык чечимдин жокко чыгарылышы боюнча өндүрүш иши боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы жана ошондой эле Сатаров, Аскаров и Партнеры» кыргыз юридикалык фирмасы сунуштады.

Арбитраждык чечимин жокко чыгаруу боюнча арбитраждык өндүрүштөгү Валерия Белокондун кызыкчылыгын «Clifford Chance» эл аралык юридикалык фирмасы коргогон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү