03
Февраль
2017
Тынарбек Супатаев Кемин районунун акими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Супатаев Тынарбек Усубалиевич берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү