22
Июнь
2017
Улан Дооталиев юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Дооталиев Улан Тимурович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү