19
Июль
2016
Уланбек Рыскулов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Рыскулов Уланбек Дуулатович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү