28
Август
Уланбек Рыскулов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына киришти
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловду жамаатына тааныштырды.
Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев азыр мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасын ишке ашыруунун үстүнөн иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.
«Мен ишенем, биз бардык күч аракетибиз менен биргеликте «Жаңы доорго – кырк кадам» Программасын ишке ашыруунун үстүнөн иштеп, андагы көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткарала алабыз. Белгилеп кете турган нерсе, аталган программа биринчи кезекте жөнөкөй жарандардын жашоо турмушун жакшыртууга жана ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө багытталган. Мен өзүм тараптан биздин мамлекеттин өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелерди колдоого даярмын», - деди ал.
[su_carousel source="media: 102341,102342,102343" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү