01
Декабрь
КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы: Өкмөт үйүнө килемдерди жана эмеректерди алууга каралган 20 млн сом тууралуу маалымат чындыкка жатпайт
Бүгүн, 1-декабрда, ЖМКларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенконун Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн залдарынын бирине килемдерди жана эмеректерди сатып алуу үчүн 2017-жылкы республикалык бюджеттен 20 млн сом каралгандыгы тууралуу айтылган маалыматы чындыкка жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы маалымдагандай, бюджеттик классификацияга ылайык, килем жана эмеректер 3112 «Машиналар жана жабдуулар» беренеси боюнча алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 2017-жылга карата сметасы боюнча аталган чыгашалар беренесине 5 млн 377,9 миң сом каралган. Тактап айтканда, мурдагы жылдарга салыштырмалуу аталган берене боюнча каралган сумма кыскартылган. Мурдагы жылдары бул максатта 14,4 млн жана 16, 1 млн сом каралган.
Белгилесек, 2017-жылга карата республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн «сүйрү залы» үчүн килемдерди жана эмеректерди сатып алуу үчүн каражат каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү