26
Апрель
Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 72 жылдыгын белгилөөгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш чаралардын планын иштеп чыгуу жана майрамды республиканын бардык аймактарында жогорку деңгэлде өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган буйругун аткаруунун негизинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Жумушчу топ тарабынан Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата иш чаралардын планы иштелип чыгып бекитилди.
План 16 пункттан турат, анда мамлекеттик органдарга, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Улуу Ата Мекендик согуштгагы Жеништин 72 жылдыгын белгилөөдө салтанаттуу иш чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу жана даярдык иштерин чечүү маселеси тапшырылды.
Атап айтканда, "Өлбөс ысымдар" (Бессмертный полк) акциясын уюштуруу жана өткөрүү, "Жеңиш аянтында" митинг реквием, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 72 жылдыгына арналган көргөзмөлөр жана фотокөргөзмө, ошондой эле дагы башка салтанаттуу иш чаралар өткөрүлөт.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү