13

Февраль

2017

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча кадамдык Иш-чаралар планы бекитилди

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республиканын аналогдук телеберүүдөн санариптик телеберүүгө өтүү процессине активдүү катушуусу зарыл, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги кеңешмесинде.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча кадамдык Иш-чаралар планы бекитилди, техникалык жабдууларды модернизациялоо процессин аяктоо үчүн Социалдык пакетке киргизилген бир катар телеканалдар үчүн финансылык каражаттарды бөлүү маселеси чечилди.

«Санарпитик  телеберүүгө толугу менен өтүү үчүн үч күн калды. Бул убакытта бир катар актуалдуу маселелерди чечүү керек. Буларды эске алуу менен Кыргыз Республикасында Санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу процессине катышкан министрлик жана ведомстволор аллдыга коюлган максатты – 2017-жылдын 15-майында аналогдук телеберүүнү өчүрүү жана санариптик телеберүүгө өтүү боюнча маселени чечүү үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоосу зарыл», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында орнотулган санариптик өткөрүүчүлөр бүгүнкү күндө калктын 95% муктаждыгын жабууда. 326 калктуу пунктта жашаган калган 5% калк үчүн Социалдык пакеттин сигналын спутник аркылуу ишке киргизүү пландаштырылууда. Көрсөтүлгөн ретрансляторлор санариптик берүү менен камсыздалбаган алыскы айылдарга ыраатты менен орнотулат.

[su_carousel source="media: 89898,89899,89900,89901,89902,89903,89904,89905,89906" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү