26
Июль
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Республикадагы көпчүлүн ирригациялык объекттер 30-40 жылдан бери иштеп эскилиги жеткен. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында калктын санынын көбөйүшун эске алуу менен, бардык жерлерде айдоо аянттарын көбөйтүү жана ирригациялык системаларды ишке киргизүү муктаждыгы келип чыгууда.
Мамлекеттик программа айыл тургундары үчүн ирригациялык инфраструктураларды курууга багытталган. Айыл чарба азыктарын өстүрүү үчүн жаңы айдоо аянттарын ишке киргизүү социалдык-экономикалык абалды жакшыртып, аймактардын өнүгүүсүн, азык-түлүк коопсуздугун жоюуну жана жакырчылык менен күрөшүүнү көздөйт.
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасын бекитүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине элдин кайрылуусунан улам, республикадагы 100 ирригациялык объект каралган. Аймактагы социалдык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен айылдардагы 46 суу чарба объектти тандалып алынган.
Мамлекеттик программанын алкагында 66,5 миң гектар жаңы айдоо аянтын ишке киргизилип, 51,08 миң гектар жер суу менен камсыз кылынып, 9,5 миң гектар жер машина менен сугаруудан өз алдынча сугарууга өткөрүлүп, 50 миң гектар жердин мелиоративдик абалы жакшырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү